Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-августу №172
Лейлек райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Бешкент айыл өкмөтү түзгөн келишимдин бекитүү жөнүндө
Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы К.И.Мусаевтин Лейлек райондук эмгек жана социал-дык өнүгүү башкармалыгы менен Бешкент айыл өкмөтүнүн түзгөн келишим тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2019-жылдын 29-июлундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Типтүү келишимди бекитүү тууралуу” № 95 буйругуну негизинде Бешкент айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Лейлек райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Бешкент айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата түзгөн келишими бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин мамлекет-тик мыйзамдуулук, коомдук тартып жана жарандардын укугун сактоо боюнча турук-туу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |