Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 34-сессиясы
2019-жылдын 4-октябры №174
Бешкент айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият мекемелерин жана калкты 2019-2020-жылдарынын куз-кыш мезгилдеринде отун-көмүр менен камсыздоого даярдыктын жүрүшүү жөнүндө
Бешкент айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият мекемелерини жана калкты 2019-2020-жылдарынын куз-кыш мезгилдеринде отун-көмүр менен камсыздоого даярдыктын жүрүшүү боюнча Бешкент айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Б.Эргашевтын маалыматын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бешкент айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, мада-ния мекемелерини жана калкты 2019-2020-жылдарынын куз-кыш мезгилдеринде отун-көмүр менен камсыздоого даярдыктын жүрүшүү канаатандырарлык деп табылсын.
2. Бешкент айыл өкмөтүндөгү калктын аярлуу катмарына, майыптарга, жалгыз бой адамдарга, бир үйдө эки майып адамдары бар үй-бүлөлөргө отун-көмүрдү өз убагында алып берүүнү уюштуруу айыл өкмөтүнүн соц. маселелерди коргоо боюнча башкы адиси Н.Отакишиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |