Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-октябры №175
Бешкент айыл өкмөтүнүн алдындагы Аксакалдар сотунун 2019-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө
Бешкент айыл өкмөтүнүн алдындагы Аксакалдар сотунун төрагасы Муминов А нын маалыматын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бешкент айыл өкмөтүнүн алдындагы Аксакалдар сотунун жыл ичинде жүргүзгөн иштери канаатандырарлык деп табылсын.
2. Эл ичинде болуп жаткан ар кандай тартип бузуулар, үй – бүлөлүк чыр, жер талаш маселелерди өз убагында чечип аны протоколго түшүрүп иш кагаздарын тартипке келтирүү жана бул маселелерде Аялдар Кенеши жана жаштар уюму менен ошондой эле укук коргоо органдары менен биргелешип иштөө жагы тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин мамлекеттик мыйзамдуулук, коомдук тартип жана жарандардын укугун сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |