Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-октябры №176
Бешкент айыл өкмөтүнүн алдындагы Аялдар Кеңешинин 2019-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө
Бешкент айыл өкмөтүнүн алдындагы Аялдар Кеңешинин төрайымы Камалова С нын маалыматын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
Бешкент айыл өкмөтүнүн алдындагы Аялдар Кеңешинин жыл ичинде жүргүзгөн иштери канаатандырарлык деп табылсын.
Аялдар Кеңешинин иш кагаздарын тартипке келтирүү, Аксакалдар соту жана жаштар уюму менен биргелешип иштөө жагы тапшырылсын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин мамлекеттик мыйзамдуулук, коомдук тартип жана жарандардын укугун сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |