Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-октябры №179
Бешкент айыл өкмөтүнүн 2019-жылга түзүлгөн туруктуу өнүгүү программасынын кее бир пункттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы К.И.Мусаевтын Бешкент айыл өкмөтүнүн 2019-жылга түзүлгөн туруктуу өнүгүү программасынын кее бир пункттарына өзгөртүү киргизүү тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бешкент айыл өкмөтүнүн 2019-жылга түзүлгөн туруктуу өнүгүү программасынын төмөнкү пункттарына өзгөртүү киргизилсин:
а). Бешкент айылынын Актам участкасындагы сайдагы жолго бетон куюунун ордуна Бешкент айыл аймагындагы жолдорго шагыл салып тегиздоо жана кеңейтүү.
б). Лайлы айылынын Кара-Камар участкасында таштанды (мусор) үчүн чункур ордуна Лайлы айылына спорт зал куруунун долбоордук-сметалык документациясын жасоо.
в). Лайлы айылынын Кара-Камар участкасында Беккери чункурун куруунун ордуна Лайлы айылына спорт зал курууну баштоо.
г). Андархам айылындагы “Хожогум” арыгынын суу башысын бекемдоонун ордуна айыл өкмөтүнүн имаратында бирдиктуу терезе ачуу, айыл өкмөтүнун имаратына жана шайлоо отчу имараттарга пандус өрнөтүү.
д). Даштакы участкасына талаа станын куруунун ордуна Эскиоочу айылындагы “Көгүчкөн” балдар бакчасына кошумча 25 орундуу имарат курууну баштоо.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |