Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-октябры №180
Ага Хан Фондунун демилгеси боюнча жумушчу топтун курамы менен фокус группалык дискуссия аркылуу Бешкент айыл өкмөтүндөгү көйгөйлөрүнүн тизмесин ичинен керектуусун тандап берүү жөнүндө
Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы К.И.Мусаевтын Ага Хан Фондунун демилгеси боюнча жумушчу топтун курамы менен фокус группалык дискуссуя аркылуу Бешкент айыл өкмөтүндөгү көйгөйлөрүнүн тизмесин ичинен керектуусун тандап берүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. 2019-жылга карата Бешкент айыл өкмөтүнүн: 1)Лайлы айылына спорт зал курууга (Ага Хан Фондусу тарабынан 1,500 миң сом, элдин салымы 800 миң сом). 2) Андар-хам айылына футбол аянтчасы курууга (Ага Хан Фондусу тарабынан 500 миң сом, элдин салымы 200 миң сом) макулдук берилсин.
2. 2020-жылга карата Бешкент айыл өкмөтүнүн: 1) Бешкент айылындагы №8 ГСВнын кап. ремонт кылууга (Ага Хан Фондусу тарабынан 200 миң сом, айыл өкмөтүнүн эсебинен 100 миң сом). 2) Бешкент айылындагы Кулунду жалпы дарыгерлер борбо-рунун Бешкенттеги бөлүмүнүн төрот бөлүмүнө ажаткана курууга (Ага Хан Фондусу тарабынан 300 миң сом, айыл өкмөтүнүн эсебинен 150 миң сом). 3) Бешкент айылы-нын Актам участкасына ФАП курууга (Ага Хан Фондусу тарабынан 500 миң сом, айыл өкмөтүнүн эсебинен 200 миң сом) макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |