Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-октябры №181
Бешкент айылынын Жогору маала участкасындагы 470 м.кв жер тилкесине тигүү цехин куруу үчүн жана Андархам айылындагы А.Бабаханов атындагы орто мектептин окуучулары үчүн 66 м.кв жер тилкесине курулган соода түйүнү жана ашканасын бузуп, кайрадан жаңы имарат курууга макулдук берүү жөнүндө
Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы К.И.Мусаевтын сунушун угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бешкент айылынын Жогору маала участкасындагы 470 м.кв жер тилкесине тигүү цехин куруу үчүн жана Андархам айылындагы А.Бабаханов атындагы орто мектеп-тин окуучулары үчүн 66 м.кв жер тилкесине курулган соода түйүнү жана ашканасын бузуп, кайрадан жаны имарат курууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |