Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 36-сессиясы
2019-жылдын 4-декабры №185
Бешкент айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылда иштетилбей калган, кошумча түшкөн жана өткөрүлгөн тендерлерден үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы К.И.Мусаевтын Бешкент айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылда иштетилбей калган, кошумча түшкөн жана өткөрүлгөн тендерлерден үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен төмөнкү жумуштарды аткаруу үчүн акча каражатын бөлүп берүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бешкент айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылда иштетилбей калган, кошумча түшкөн жана өткөрүлгөн тендерлерден үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен төмөнкү жумуштарды аткаруу үчүн бөлүп берилсин:
1). Кайрагач айылындагы “Чабалекей” балдар бакчасынын кошумча каанасынын 4(төрт) айлык ижара акысына – 40 (кырк) миң сом;
2). Эскиоочу айылындагы ФАПтын айланасын тосууга, Лайлы айылындагы ФАПтын айланасын тосууга жана көмүр кампасын курууга – 250 (эки жүз элүү) миң сом;
3). Андархам айылындагы №21 УДТсынын имаратын жаңыдан курууга жана Андархам айылынын Кизил-Коргон участкасынан Кент-Башы участкасына өтүүчү көпүрө курууга, Бешкент айылындагы “Жылдызча” балдар бакчасына кошумча имарат курууга жана Бешкент айылынын Актам участкасына ФАП курууга, Кайрагач айылына кичи футбол аянтчасын курууга жана Лайлы айылына жабык спорт зал курууга проекттик сметалык документтерди (ПСД) жасоого жана мамлекеттик экспертизадан корутунду алууга 810 (сегиз жүз он) миң сом;
4). Эскиоочу айылында КОЙКА долбоорунун колдоосу менен курулуп жаткан “Көгүчкөн”балдар бакчасына кошумча имарат курууга жана мебел сатып алууга 1(бир) млн. сом.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |