Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-декабры №186
Бешкент айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылда иштетилбей калган, кошумча түшкөн жана өткөрүлгөн тендерлерден үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Бешкент айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы №772 сандуу сунуш каты боюнча Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы К.И.Мусаевтын Бешкент айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылда иштетилбей калган, кошумча түшкөн жана өткөрүлгөн тендерлерден үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен 62100 (алтымыш эки миң бир жүз) сом акча каражатын Бешкент айыл өкмөтүндөгү өзгөчө кырдаалдар боюнча алдын ала жумуштарды аткаруу үчүн бөлүп берүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бешкент айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылда иштетилбей калган, кошумча түшкөн жана өткөрүлгөн тендерлерден үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен 62100 (алтымыш эки миң бир жүз) сом акча каражаты Бешкент айыл өкмөтүндөгу өзгөчө кырдаалдар боюнча алдын ала жумуштарды аткаруу үчүн бөлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |