Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-декабры №189
Бешкент айыл өкмөтүнө 2020-жылга карата кошумча айыл башчы штат бирдигин бекитип берүү жөнүндө
Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы К.И.Мусаевтин Бешкент айыл өкмөтүнүн Дашрабад участкасындан атуулдарга турак жай куруу үчүн жер участкасы берилгендигине байланыш-туу Дашрабад участкасында жаңы конуш ачылды. Ошондуктан Бешкент айылынын Шоро участкасы менен Дашрабад участкасындагы жаңы конушка 2020-жылга карата кошумча айыл башчы штат бирдигин бекитип берүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бешкент айыл өкмөтүнө Бешкент айылынын Шоро участкасы менен Дашрабад участ-касындагы жаңы конушка 2020-жылга карата кошумча айыл башчы штат бирдигин берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |