Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 36-сессиясы
2019-жылдын 4-декабры №190
Бешкент жайыт комитетинин 2019-жылдын 2-декабрындагы №2 сандуу сунуш каты боюнча Бешкент жайыт комитетинин төрагасы Д.Бекмирзаевтын Бешкент айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине Бешкент жайыт комитети тарабынан түшүрүлгөн жайыт акынын 3/1 бөлүгү 182000сом акча каражатын тузот. Юридикалык жер салыгын жайыт комитети өзү төлөгөндүгү үчүн жайыт акынын 3/1 бөлүгүн Бешкент жайыт комитетинин эсебине которуп берүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бешкент айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине Бешкент жайыт комитети тарабынан түшүрүлгөн жайыт акынын 3/1 бөлүгү 182000(жүз сексен эки мин) сом акча каражатын жайыт комитетинин эсебине которуп берүүго макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |