Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры №191
Бешкент айыл өкмөтүнө караштуу Бешкент айылдык маданият үйүнүн 2019-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө
Бешкент айыл өкмөтүнө караштуу Бешкент айылдык маданият үйүнүн директору Б.Турабоевтин маалыматын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бешкент айыл өкмөтүнө караштуу Бешкент айылдык маданият үйүнүн 2019-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Бешкент айылдык маданият үйүнүн иш пландарынын аткарууда айыл өкмөтүнүн активист тургундары менен биргелешип иштөө жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |