Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры №195
Бешкент айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттикыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жана келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-рына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайлык, Мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында сунушун угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Бешкент айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишим №1 тиркемеге ылайык бекитилсин жана келишим 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Бешкент айыл өкмөт аймагында аткаруу милдетине айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын жүргүзүү боюнча адиси Кудайназар кызы Айпери бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы К.И.Мусаевке милдеттендирилсин.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |