Редакцияот 03.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

 

2020-жылдын 3-марты № 27

Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын  курамына өзгөртүү  киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бузуулар боюнча Кодексинин талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 17.10.2018-жылдын №01-18/126 буйругуна ылайык,Кара-Бак айыл өкмөтү А.Каламбековдун  сунушунун негизинде, Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясын иштөө тартиби жөнүндөгү  комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү  “мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан каралып ,талкууга алынды.

 Жогорудагы туруктуу комиссиянын кортундусун угуп жана талкуулап, Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Туруктуу комиссиянын кортундусуна ылайык, Кара-Бак айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилип  бекитилсин.

Комиссиянын төрагасы:А.Бааназаров-Аксакалдар сотунун төрагасы

Катчысы:Ж.Шайдуллаева-айыл өкмөтүнүн МТК жетектөөчү адиси

Мүчөлөрү:Ж.Туланов-жайыт комитетинин төрагасы

К.Бердибаев –айылдык кеңештин депутаты

Ш.Жолдошов-аксакалдар сотунун мүчөсү

З.Осмонов –айылдык кенештин депутаты

Н.Норузов- айылдык кенештин депутаты

2.Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Кенештин төрагасы

А. Айдаров