Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-марты № 28
Кара-Бак айыл аймагынын Айыл чарба бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү Жобону бекитүү жөнүндө
Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 10.02.2020-жылдагы №01-34/108 сандуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл аймагында Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен жактырылган) Типтүү Жобосу бекитилсин.
2.Бекитилген Типтүү Жобону аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Кенештин төрагасы | А. Айдаров |