Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-марты № 31
Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кара-Бак айыл аймагына караштуу Кара-бак айылынын тургуну Бакиев Канатбек Абдыназаровичдин өз арызынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 26.01.2003-жылы №1-10а сандуу токтому менен 20-катарда турак жай куруу үчүн берилген 0,15 га жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакиев Канатбек Абдыназаровичке Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 26.01.2003-жылы № 1-10а сандуу токтому менен 20-катарда турак жай куруу үчүн берилген 0,15 га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак жай фондуна кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Кенештин төрагасы | А. Айдаров |