Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-марты № 34
Кара-Бак айылынын тургуну Матмуратов Нуркасым Урайымовичдин арызын канааттандыруу жөнүндө
Кара-Бак айылынын тургуну Матмуратов Нуркасым Урайымовичдин өз арызынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Алты-Адыр участкасынын жайыт жеринен 15 га жер аянтын 7 жылдык мөөнөт менен ижарага берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Матмуратов Нуркасым Урайымовичке Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Алты-Адыр участкасынын жайыт жеринен өздөштүрүү үчүн карлик жаңгак, бадам көчөттөрүн өстүрүүгө 7 жылдык мөөнөт менен 15 га жер аянтты ижарага берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Кенештин төрагасы | А. Айдаров |