Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-марты № 35
Анар-Суу ичүүчү тазасуу ишканасынын тарифин бекитүү жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Анар-Суу ишканасынын жетекчисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айылындагы Анар-Суу ишканасынын тарифине мекеме ишканалардан чыккан таза сууга 23 сом, таза суу ичкен адам башына суу акы 13 сом болуп бекитилсин.
2. Тариф боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө жана Анар-Суу ишканасынын жетекчисине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Кенештин төрагасы | А. Айдаров |