Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-марты № 38
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Нива 212114 үлгүсүндөгү кызматтык унаасын өкмөттүн балансынан чыгарып, тоорук аркылуу сатып, жаңы авто унаа алууга макулдук берүү жөнүндө
Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 27.02.2020-жылы №01-34/204 сандуу билдирүүсүнүн негизинде Нива 212114 үлгүсүндөгү кызматтык унаасын өкмөттүн балансынан чыгарып, тоорук аркылуу сатып, жаңы авто унаа алууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Нива 212114 үлгүсүндөгү кызматтык авто унаасы эскилиги жеткендигине байланыштуу өкмөттүн балансынан чыгарып, тоорук аркылуу сатып,түшкөн каражатты жаңы авто унаа алууга жумшоо үчүн макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына тапшырылсын.
Кенештин төрагасы | А. Айдаров |