Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-марты № 39
“CASA-1000” долбоорунун алкагында айыл өкмөтүнүн аймагынан электр чубалгыларын өткөрүүгө жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
КР Өкмөтүнүн №105 20.02.2020-жылкы токтомунун негизинде “CASA-1000” долбоорунун алкагында айыл өкмөтүнүн аймагынан электр чубалгыларын өткөрүүгө 500 кВтук аба чубалгыларын куруу үчүн айыл өкмөтүнүн аймагынан жалпы 9157м2 жер аянтын бөлүп берүү максатында Кара-Бак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алты-Адыр участкасынан 9157м2 жер аянтын мамлекеттер аралык CASA-1000 долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу максатында “Датка Сугд” 500 Кв чыңалуусундагы электр аба линиясынын тирөөчтөрүн орнотуу үчүн КРнын Өкмөтүнүн №105 20.02.2020-жылкы токтомуна ылайык белгиленген тартипте акысыз жана 49 жылга мөөнөттүү пайдаланууга берилсин.
2.Алты-Адыр участкасынан элге жер (чек) берүү максатында түзүлгөн генплан жана тийиштүү иш кагаздар аралык CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу максатында өзгөрүлүп жаткандыгына байланыштуу кетирилген бардык чыгымдар ААК “Улуттук энергетика тармактар” компаниясына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басарына тапшырылсын.
Кенештин төрагасы | А. Айдаров |