Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-майы №30/127
Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван аймактык башкармалыгынын 2019-жылда жүргүзгөн иштери жана 2020-жылга иш планы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна негиз, шаардык кеӊештин 2020-жылга кабыл алынган иш планына ылайык, шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020–жылдын 18–майындагы №34 протоколунун чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарына караштуу «Караван» аймактык башкармалыгынын 2019–жылда жүргүзгөн иштери жана 2020–жылга иш планы жөнүндө аймактык башкармалыктын башчысы Н.Кыпчаковдун маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаарына караштуу «Караван» аймактык башкармалыгынын башчысы Н.Кыпчаковго милдеттендирилсин:
– аймактык башкармалык тарабынан 2019–жылдын түшүмү үчүн жүргүзүлгөн жазгы–талаа иштеринде орун алган кемчиликтерди быйылкы 2020–жылда болтурбоо боюнча тийиштүү чараларды көрүү жагы;
– быйылкы жылга белгиленген айыл чарба эгиндеринин, өсүмдүктөрүнүн түшүмдөрүн өндүрүү үчүн дыйкандарды техника, күйүүчү-майлоочу материалдар, минералдык жана органикалык жер семирткичтер менен өз убагында камсыз кылуу, кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноого комбайндарды алып келүү жана дыйкандар өндүргөн айыл чарба азык–түлүктөрүн сатуу иштерине көмөктөшүү жагы;
– айыл чарба эгиндеринен, өсүмдүктөрүнөн пландаштырылган түшүмдөрдү алуу үчүн дыйкандарды сугат суу менен өз убагында камсыздоо боюнча СПАлардын ишин активдештирүү жагы;
– кайра бөлүштүрүү жер фондусундагы жерлерди пайдалануунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу, конкурстук негизде ижарага берүү, ижара акылардын толук жана өз убагында түшүүсүн камсыз кылуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |