Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-майы №30/128
Кызыл-Кыя шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2019-жылда жана 2020-жылдын 4 айында аткарган иштери жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна негиз, шаардык кеңештин 2020–жылга кабыл алынган иш планына ылайык, шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020–жылдын 15–майындагы №27 протоколунун чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кызыл–Кыя шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын калкка кызмат көрсөтүү боюнча 2019–жылда жана 2020–жылдын 4 айында аткарган иштери жөнүндө башкармалыктын башчысы Т.Давлятованын маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаардык эмгек жана соцалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчилигине (Т.С.Давлятовага) милдеттендирилсин:
– шаардагы жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына социалдык кызматтарды көрсөтүү, аларга жөлөк пулдарды чегерүүдө жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, үй бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча жүргүзүп жаткан иштеринде орун алган кемчилдиктерди тез арада четтетүү жагы;
– шаардын мэриясы, шаардык ички иштер бөлүмү жана шаардагы коомдук алдын алуу борборлору менен биргеликте балдарды үй-бүлөлүк зордук–зомбулуктан сактоо жана коргоо багытындагы иштерди активдештирүү жагы;
– шаардагы эмгек рыногуна мониторинг жүргүзүү менен калкка жана замандын талабына зарыл болгон кесиптерге кайра окутуу иштерин дайыма жүргүзүү жагы.
3. Кызыл–Кыя шаарындагы кварталдык жана үй комитеттеринин иштерин координациялоону шаардык кеӊешке өткөрүү жөнүндө маселе шаардык кеӊештин туруктуу комиссиясында каралып, сессиянын кароосуна алып чыгылсын.
4. Кызыл–Кыя шаарындагы кварталдык жана үй комитеттеринин башчыларынын өздөрүнүн аймактарында жашаган жарандардын арасынан аярлуу жарандарды аныктоо, аларга гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүүдө, жарандарга тийиштүү справкаларды берүүдө жеке жоопкерчиликтери белгиленсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |