Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-майы №30/131
Кызыл–Кыя шаарынын Т.Кулатов жана Караван айылынын А.Кыпчаков көчөлөрүндөгү автоунаа жолунун боюндагы долбоорлорду ишке ашырууга тоскоолдук жаратып жаткан дарактарды кыюуга уруксат берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 78-беренесинин 4 пунктуна ылайык жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна негиз, шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020–жылдын 25–февралындагы протоколунун чечимин, шаардын мэриясынын 2020–жылдын 17–февралындагы №01–8/229 сандуу кайрылуу катын эске алып, республикалык маанидеги «Ош–Баткен–Исфана» автоунаа жолунун 75–108 чакырымын реконструкциялоо жана Кызыл–Кыя шаарынын суу системасын реабилитациялоо боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлордун сапаттуу аткарылышына көмөк көрсөтүү максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Республикалык маанидеги «Ош–Баткен–Исфана» автоунаа жолунун 75–108 чакырымын реконструкциялоо жана Кызыл–Кыя шаарынын суу системасын реабилитациялоо боюнча долбоорлор ишке ашырылып жаткандыктан, Кызыл–Кыя шаарынын Т.Кулатов жана Караван айылынын А.Кыпчаков көчөлөрүндөгү автоунаа жолунун боюндагы долбоорлорду ишке ашырууга тоскоолдук жаратып жаткан гана дарактарды комиссиянын корутундусуна ылайык, кыюуга уруксат берилсин.
2. Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик боюнча департаментинин директору А.Эрматовго жогорудагы долбоорлорду ишке ашырууга тоскоолдук жаратып жаткан гана шаардын Т.Кулатов жана Караван айылынын А.Кыпчаков көчөлөрүндөгү автоунаа жолунун боюндагы дарактарды кыюу иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Айдаркен, Кызыл–Кыя шаарлары жана Кадамжай району боюнча инспекциясы менен макулдашып жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Кызыл–Кыя шаарынын Т.Кулатов жана Караван айылынын А.Кыпчаков көчөлөрүндөгү автоунаа жолунун боюндагы долбоорлорду ишке ашырууга тоскоолдук жаратып кыйылган дарактардын ордуна жаӊы дарактарды отургузуу иштерин жүргүзүү жагы шаардын мэриясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |