Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры №75
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасын жана 2021-2022 жылдардын жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасын жана 2021-2022 жылдардын жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү боюнча даярдалган ФЭБ башчысы Ж.Токтомушованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин сметасынын 2020-жылдын киреше бөлүгү 37633,9 (отуз жети миллион алты жүз отуз үч миң тогуз жүз) сом, чыгаша бөлүгү 37633,9 (отуз жети миллион алты жүз отуз үч миң тогуз жүз) сом суммасында бекитилсин.
2. Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын сметасынын долбоорунун киреше бөлүгү 39407,3 (отуз тогуз миллион төрт жүз жети миң үч жүз) сом суммасында, чыгаша бөлүгү 39407,3 (отуз тогуз миллион төрт жүз жети миң үч жүз) сом суммасында, 2022-жылдын сметасынын долбоорунун киреше бөлүгү 42133,3 (кырк эки миллион бир жүз отуз үч миң үч жүз) сом суммасында, чыгаша бөлүгү 42133,3 (кырк эки миллион бир жүз отуз үч миң үч жүз) сом суммасында бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Султанов |