Редакцияот 17.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дара айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз XXV-сессиясы

 

2019-жылдын 17-декабры №74

Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына талапкерди бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз республикасынын Мыйзамына ылайык Баткен аймактык шайлоо комиссиянын курамына (резервине) талапкерлерди көрсөткөн чогулуштун протоколдорун карап чыгып, талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын  кезексиз  XХV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Баткен аймактык шайлоо комиссиянын курамына (резервине) Бөтөков Завиридин Насирович, Сапарбаев Муратали Имаралиевич, Эркебаев Осмон Мажитович жана Сатыбалды уулу Улукбектер сунушталсын.

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Мисиралиевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

М.Султанов