Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги XХVII-сессиясы
2020-жылдын 28-февралы №1
Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2020-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2020-жылга карата түзүлгөн иш-планынын долбоорун угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сессияда айтылган сунуштар жана толуктоолор менен Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2020-жылга карата түзүлгөн иш-планы бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Мисиралиевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Мисиралиевге тапшырылсын.
Төрага | М.Султанов |