Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-февралы №2
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковдун 2019-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчёту жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жыл ичинде аткарган иштери боюнча З.Байзаковдун отчётун угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковдун 2019-жыл ичинде аткарган иштери канаатандыраарлык деп белгиленсин.
2. Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Мисиралиевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Султанов |