Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-февралы №4
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жыл үчүн айыл чарба өндүрүшү боюнча индикативдик планынын аткарылышы жана 2020-жылга карата индикативдик планын бекитүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жыл үчүн айыл чарба өндүрүшү боюнча индикативдик планынын аткарылышы жана 2020-жылга карата индикативдик планын бекитүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жыл үчүн айыл чарба өндүрүшү боюнча индикативдик планынын аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Дара айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата индикативдик планы бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Сатаровго жана айыл өкмөтүнүн экономист-статист башкы адис К.Курбанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Султанов |