Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-февралы №6
“Дара-Суусу” ИСКАКБсынын 2019-жылга аткарган иштери жана 2020-жылга карата бюджетинин түзүлүшү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Дара суусу” ИСКАКБсынын 2019-жылга аткарган иштери жана 2020-жылга бюджетинин түзүлүшү жөнүндө А.Амиралиевдин даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Дара-Суусу” ИСКАКБсынын 2019-жылда аткарган иштери канатандыраарлык деп белгиленсин жана 2020-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 668240 (алты жүз алтымыш сегиз миң эки жүз кырк) сом, чыгаша бөлүгү 668240 (алты жүз алтымыш сегиз миң эки жүз кырк) сомго бекитилсин.
2. Таза-суу пайдаланган ар бир жаран үчүн айына 15 сом болуп белгиленсин жана акча каражатын чогултуу үчүн кассирлерге жыйналган акча каражатынан 20%, планга жетпесе 15% берилсин.
3. “Дара-Суусу” ИСКАКБсы менен таза-сууга келишим түзбөй, таза-суу пайдаланганы аныкталса кожолугундагы катталган жанга эсептелүүчү акча каражаты 2 эселенген түрдө төлөнсүн.
4. Таз-Суунун жетишсиздигинен улам Баткен шаарынын тургундарына 2020-жылдын 1-январынан тартып таза-суу түтүкчөсүн көчөгө жана үйдөн чыгарууга уруксат берилбесин.
5. Өз алдынча уруксатсыз үйүнө таз-суу киргизип алган жарандарга 10000 (он миң) сом айып пул салынсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Султанов |