Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-февралы №7
Ак-Суу Баткен ИСКАКБсынын 2019-жылда аткарган иштери жана 2020-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө
Ак-Суу Баткен ИСКАКБсынын 2019-жылда аткарган иштери жана 2020-жылга карата түзүлгөн бюджети боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Ак-Суу” Баткен ИСКАКБсынын 2019-жылда аткарган иштери канатандыраарлык деп белгиленсин жана 2020-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 494920 (төрт жүз токсон төрт миң тогуз жүз жыйырма) сом, чыгаша бөлүгү494920 (төрт жүз токсон төрт миң тогуз жүз жыйырма) сомго бекитилсин.
2. Таза-суу пайдаланган ар бир жаран үчүн айына 15 сомдон белгиленсин жана акча каражатын чогултуу үчүн кассирлерге жыйналган акча каражатынан 20% берилсин.
3. “Ак-Суу Баткен” ИСКАКБсы менен таза-сууга келишим түзбөй, таза-суу пайдаланганы аныкталса кожолугундагы катталган жанга эсептелүүчү акча каражаты 2 эселенген түрдө төлөнсүн.
4. Таз-Суунун жетишсиздигинен улам Баткен шаарынын тургундарына 2020-жылдын 1-январынан тартып таза-суу түтүкчөсүн көчөгө жана үйдөн чыгарууга уруксат берилбесин.
5. Өз алдынча уруксатсыз үйүнө таз-суу киргизип алган жарандарга 10000 (он миң) сом айып пул салынсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Султанов |