Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-февралы №8
“Дара Тазалык” МИнын 2019-жылда аткарган иштери жана 2020-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө
“Дара Тазалык” МИнын 2019-жылда аткарган иштери жана 2020-жылга карата түзүлгөн бюджети жөнүндө М.Зайналовдун даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагындагы “Дара Тазалык” МИнын 2019-жылга аткарылган иштери канаттандыраарлык деп белгиленсин жана 2020-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү 934930 (тогуз жүз отуз төрт миң тогуз жүз отуз ) сом, чыгаша бөлүгү 934930 (тогуз жүз отуз төрт миң тогуз жүз отуз ) сомго бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Султанов |