Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-февралы №11
Айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЧЖМФ) мөөнөтү аяктаган жерлерге аукцион жарыялоого макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл аймагындагы айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЧЖМФ) мөөнөтү аяктаган жерлерди аукционго жарыялоо боюнча жер адиси М.Зайниевдин даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЧЖМФ) № 91, 96-контурундагы ижара мөөнөттөрү бүткөн 16,25га сугат айдоо жерлер аукцион аркылуу 5(беш) жылдык мөөнөт менен ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш-кагаздарын жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Султанов |