Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги XХVII-сессиясы
2020-жылдын 28-февралы №12
Дара айыл аймагындагы № 145, 146, 147, 164, 460- контурундагы көп жылдык бак жерлерин 2013-2020-жылга чейин алган ижарачылардын мөөнөттөрү бүткөндүгүнө байланыштуу ижара мөөнөтүн 7(жети) жылга узартып берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл аймагындагы № 145, 146, 147, 164, 460- контурундагы көп жылдык бак жерлерин 2013-2020-жылга чейин алган ижарачылардын мөөнөттөрү бүткөндүгүнө байланыштуу ижара мөөнөтүн 7(жети) жылга узартып берүү боюнча жер адиси М.Зайниевдин даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагындагы № 145, 146, 147, 164, 460- контурундагы көп жылдык бак жерлерин 2013-2020-жылга чейин алган ижарачылардын мөөнөттөрү бүткөндүгүнө байланыштуу ижара мөөнөтүн 7(жети) жылга узартып берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш-кагаздарын жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Султанов |