Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-февралы №14
“CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү №105-токтомун аткаруу боюнча Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу максатында Дара айыл аймагынын чегинен өтүүчү жалпы узундугу 8588 м2 жер аянтын, анын ичинен 22 даана электр аба чубалгыларынын тирөөчтөрүн орнотуу үчүн 0,83га жер аянтын мөөнөтсүз пайдаланууга макулдук берилсин.
2. “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу максатында тийешелүү болгон иш-кагаздарын бүтүрүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге тапшырылсын.
Төрага | М.Султанов |