Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-февралы №16
Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин 2019-жылдын 5-апрелиндеги сессиясынын №22-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин 2019-жылдын 5-апрелиндеги ХХI сессиясынын №22-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жер адиси М.Зайниевдин даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин 2019-жылдын 5-апрелиндеги ХХI сессиясынын №21-токтомундагы Жаңы-Жер айылынын түндүк-чыгыш тарабынан 50га жер аянты, 49,8га деп өзгөртүлсүн.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылынын түндүк-чыгыш тарабынан 49,8га жер аянты “айыл-чарба жерлери” категориясынан, “өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
3. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылынын түндүк-чыгыш тарабындагы 49,8га жер аянтын трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Султанов |