Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-февралы №17
Жаны-Жер айылынын Р-4 каналынын үстүнүн Атылган-таш участкасындагы жайыт жерден 300,0га жер аянтын тамчылатып сугаруу менен бакка айландыруу жөнүндө
Жаны-Жер айылынын Р-4 каналынын үстүнөн Атылган-таш участкасындагы жайыт жерден 300,0га жер аянтын тамчылатып сугаруу, бакка айландыруу боюнча жер адиси М.Зайниевдин даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын Жаны-Жер айылынын Р-4 каналынын үстүнөн Атылган-Таш участкасындагы жайыт жерден 300,0га жер аянтын тамчылатып сугаруу менен бакка айландырууга макулдук берилсин.
2. Дара айыл аймагынын Жаны-Жер айылынын Р-4 каналынын үстүнөн Атылган-таш участкасындагы жайыт жерден 300,0га жер аянтын тамчылатып сугаруу менен бакка айландырууга тийиштүү болгон иш-кагаздарын мыйзам чегинде жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Султанов |