Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-февралы №18
Дара айыл аймагындагы бак дарактарды бутоо, эскирген бак дарактарды кесип, ордуна жаш көчөттөрдү отургузууга макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл аймагындагы бак дарактарды бутоо, эскирген бак дарактарды кесип, ордуна жаш көчөттөрдү отургузууга макулдук берүү боюнча жер адиси М.Зайниевдин даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагындагы ар жылы бак дарактарды бутоо, эскирген бак дарактарды кесип, ордуна жаш көчөттөрдү отургузууга макулдук берилсин.
2. Дара айыл аймагындагы эскирген бак дарактарды кесүү боюнча мыйзам чегинде иш жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Султанов |