Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги XХVII-сессиясы
2020-жылдын 28-февралы №20
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы жана 2020-жылга социалдык- экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы жана 2020-жылга социалдык экономикалык өнүгүү планын бекитүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы социалдык- экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы көңүлгө алынсын.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга социалдык- экономикалык өнүгүү планы бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн экономист-статисти К.Курбанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Султанов |