Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-октябры №24
Баткен шаардык Кеңешинин «Кыргызстан» саясый партиясынан депутат А.Д.Пинназаровдун арызын кароо жана “Кыргызстан” саясый партиясынын катарын У.М.Тешебаев менен толуктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январындагы «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу» жөнүндө №3 Мыйзамынын 2-беренесине жана «Кыргызстан» саясый партиясынын Баткен шаары жана райондук бөлүмүнүн 2019-жылдын 14-октябрындагы саясый чечиминин негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаардык Кеңешинин «Кыргызстан» саясый партиясынан депутат Пинназаров Асан Дубанаевичтин береген арызына ылайык депутаттык мандаты токтотулуп, Шаардык Кеңештин “Кыргызстан” саясый партиясынын катары кезектеги талапкер Тешебаев Умарбек Махманабиевич менен толукталууга макулдук берилсин.
2.Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Регламент, депутаттык мандат, Мыйзамдуулук, укук коргоо чек ара, кылмыштуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /А.Орозов/ тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |