Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2019-жылдын 16-октябры №26
Баткен шаардык Кеңешинин «Өнүгүү Прогресс» саясый партиясынан депутат Д.Н.Шараповдун ордун, “Өнүгүү Прогресс” саясый партиясынан талапкер К.Г.Туранбаев менен толуктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январындагы «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу» жөнүндө №3 Мыйзамынын 2-беренесине жана «Өнүгүү Прогресс» саясый партиясынын Баткен шаары жана райондук бөлүмүнүн 2019-жылдын 2-октябрындагы чечиминин жана Шарапов Д.Н дин дүйнөдөн өткөндүгү жөнүндөгү №336.30.08.2019 күбөлүктүн негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаардык Кеңешинин «Өнүгүү Прогресс» саясый партиясынан депутат Шарапов Данияр Шарапов Данияр Ниматидиновичтин дүйнөдөн өткөндүгү жөнүндөгү №336 30.08.2019 күбөлүгүнүн негизинде депутаттык мандаты токтотулуп, Шаардык Кеңештин “Өнүгүү Прогресс” саясый партиясынын катары кезектеги талапкер Туранбаев Кубанычбек Гапраович менен толукталууга макулдук берилсин.
2.Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Регламент, депутаттык мандат, Мыйзамдуулук, укук коргоо чек ара, кылмыштуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /А.Орозов/ тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |