Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2019-жылдын 16-октябры №27
Баткен шаардык Кеңешинин СДПК саясый партиясынан депутат К.О.Маркаевдин арызын кароо жана СДПК саясый партиясынын катарын А.Н.Ганыев менен толуктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январындагы «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу» жөнүндө №3 Мыйзамынын 2-беренесине жана СДПК саясый партиясынын Баткен шаары жана райондук бөлүмүнүн 2019-жылдын 10-октябрындагы протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаардык Кеңешинин СДПК саясый партиясынан депутат Маркаев Каланбек Орозовичтин береген арызына ылайык депутаттык мандаты токтотулуп, Шаардык Кеңештин СДПК саясый партиясынын катары кезектеги талапкер Ганыев Арзыбек Набиевич менен толукталууга макулдук берилсин.
2.Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Регламент, депутаттык мандат, Мыйзамдуулук, укук коргоо чек ара, кылмыштуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /А.Орозов/ тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |