Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2019-жылдын 16-октябры №29
Шаардын А.Жайнаков атындагы Баткен областтык музыкалык драм-театрынын имаратынын алдындагы А.Масалиевдин эстелигин Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн имаратынын күн батыш тарабындагы эстеликтердин катарына жылдырылууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлдагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункуттун 2 пункутчасы; 5-пункутчасына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 30-августундагы №01-29/2531 сандуу катындагы тапшырмаларын аткаруу максатындагы сунушталган шаар мэриясынын иш чарасынын, Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 1-октябрь №4 протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Шаардын А.Жайнаков атындагы Баткен областтык музыкалык драм-театрынын имаратынын алдындагы А.Масалиевдин эстелигин Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн имаратынын күн батыш тарабындагы эстеликтердин катарына жылдырылууга макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Добутов/ тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |