Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2019-жылдын 16-октябры №31
Баткен шаарынын Аэропорт кварталындагы А.Буркановдун жеке менчик 3,0 га өлчөмүндөгү «Айыл чарба багытындагы» жер аянтын «Калктуу конуштар» багытына трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 1-разделинин 1-Главасынын, 10,11,12-статьяларына, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлдагы «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» №145 Мыйзамына жана Баткен шаар мэриясынын 2019-жылдын 23-августундагы №Б01-11/806, Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча турктуу комиссиясынын 2019-жылдын 10-сентябрдагы №3 протоколуна ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын Аэропорт кварталындагы Бурканов Азизбектин 3,0 га “Айыл чарба багытындагы” жеке менчик жер аянтын “Калктуу конуштар” багытына трансформациялоого макулдук берилсин.
2.Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын жогорку органдарынан суралсын.
3.Ушул токтомду бекитип берүү жагы Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Добутов/ тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |