Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2019-жылдын 16-октябры №32
«Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугуна» өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Баткен шаардык Кенешинин III чакырылышынын 2006-жылдын 29-мартындагы №13 токтому, Эл Аралык ЮСАИД уюмунун «Кыргыз Республикасында жер реформасы» долбоорунун колдоосу менен бекитилген «Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу» («Правила застройки и землепользования города Баткен») китебинин 1.7-главасынын 22-статьясынын 1-пункутуна ылайык жана Баткен шаардык Кенешинин курулуш куруу жана коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугунун жана Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментинин сунуш катынын негизинде Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугунун» 2-бөлүмүнүн 25-беренесинин 1-пункутуна, 26-берененин 2-пункутуна өзгөртүүлөр киргизилсин :
-шаардын Аэропорт кварталындагы жеке менчик турак жай Кызыл Жол кварталындагы жеке менчик турак жай жер аянттары №1 тиркемеге ылайык категориялары өзгөртүүгө макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет).
2.Тиркемеге ылайык категориялары өзгөртүлгөн жер аянттарынын карталары «Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу» китебине тиркеме катары киргизуүү жагы шаар куруу жана архитектура башкармасына (К.Эргешов) жүктөлсүн.
3.Ушул тоткомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин курулуш куруу жана коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (М.Добутов) тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |
Баткен шаардык Кенешинин VI
чакырылышынын кезектеги XVIII
сессиясынын 2019-жыл 16-
октябрындагы
№ 32 токтомуна №1 тиркеме.
№
| Жер аянтынын ээсинин Ф.А.Ж. | Мурдагы жер аянтынын багыты
| Анын ичинен
| |||
Өзгөртүл гөн жер аянтынын өлчөмү (га) | Өзгөртүүсүз калтырылган Жер аянтынын өлчөмү (га) | Өзгөртүүгө киргизил ген жер аянтынын багыты |
| |||
1 | Полотов Тойчубек | Ж-1 | 0,06 | - | 0,06 Ц-2 |
|
2 | Бурканов Азизбек | Ц-1 | 0,23 | - | 0,23 га Ж-1 |
|
3 | Омошева Уулкыз | Ж-1 | 0,02 | 0,10 | 0,02 Ц-1 |
|
4 | Бурканов Нурланбек | Р-3 | 0,3456 | - | 0,3456 Ж-1 |
|
Баткен шаардык Кенешинин
катчысы: Ж. Алдашова