Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-октябры №35
Баткен шаардык жергиликтүү бюджетинин кээ бир бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 2011-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункутуна жана Баткен шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 13-сентябрдагы №7, 18-сентябрдагы №8, 19-сентябрдагы №9, 8-октябрдагы №10 протоколдорунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаардык жергиликтүү бюджетине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1)Баткен шаарынын атынан Талас шаарына “Көчмөндөр оюндары" Улуттук иш чарага катышууга баруу үчүн Баткен шаардык спорт жана дене тарбия бөлүмүнүн 2019-жыл үчүн бекитилген иш сапары чыгымдары үчүн 4-кварталынын “Ар түрдүү чыгымдар” статьясынан 3 кварталдын “Иш сапары чыгымдары” статьясына 13000 сом акча каражатын жылдырууга макулдук берилсин.
2)Баткен шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 4-кварталынын “Иш сапары чыгымдары” статьясынан 10000 сом 2019-жылдын 3 кварталынын “Иш сапары чыгымдары” статьясына жылдырылууга макулдук берилин.
3)Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн2019-жылдын 4 кварталынын “Иш сапары чыгымдары” статьясынан 10000 сом 3 кварталына жылдырылсын.
4)Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2019-жылга каралган сметасынын 2215 “Ар түрдүү чыгымдар” статьясына 184200 сом акча каражаты 2222 “Муктаждыктарды сатып алуу” статьясына, 2019-жылга карлаган сметасынын 2215 “Ар түрдүү чыгымдар” статьясынан 240000 сом кыскартылып, Баткен шаар мэриясынын 2215 “Ар түрдүү чыгымдар” статьясына 240000 сом (инжиринг кызматы үчүн) кошулуп берилсин.
5)Баткен шаар мэриясынын муниципалдык менчик департаментинин 2019-жылга каралган сметасынын 3111 беренесинин 85504 сом кыскартылып Баткен шаарынын мэриясынын 2215 “Дагын башка кызмат көрсөтүү” статьясына Баткен шаарынан башкы планын жасоо үчүн 57345 сом, жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчөлүк акы үчүн 28159 сом, жалпы 85504 сом кошулуп берилсин.
6)Баткен шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 4 кварталга каралган 2111 “эмгек акы” беренесинин 121,0 миң сом жана 2121 “соц.фондко чегерүү” стаьясына 2,0 мин со жалпы суммасы 142, миң сом акча каражаты кыскартылып, 3 кварталга кошулуп берүүгө, 3кварталдын 2215 стаьтясынан 72,0 мин сом 2222 статьясына 70,0 миң сом акча каржаты кыскартылып 4 кварталына кошулууга макулдук берилсин.
7) Баткен шаар мэриясынын 2019-жылдын 4-кварталынын 2111 эмгек акы статьясынын 403,0 мин сом, 2121 соц.фондго чегерүү сатьясынан 102,0 мин сом жалпысуммасы 505,0 мин сом акча каражаты кыскартылып 3 кварталына кошулуп берүүгө макулдук берилсин.
8) Баткен шаар мэриясынын 2019-жылдын 3-квартлына карлган 2224 статьясынан 150,0 мин сом, 2225 статьясынан 70,0 мин сом, 2215 статьясынан 100,0 мин сом, 2214 статьясынан 95,0 мин сом жалпы 505,0 мин сом акча каражаты кыскартылып 4 кварталга кошулуп берүүгө макулдук берилсин.
9)Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 3111 “Курулштар жана имараттар” статьясынан 100,0 мин сом кыскарталып, шаар мэриясынын 4 кварталына 2211 “Кызматтык кыдырууга чыгашалар” статьясына 100,0 сом кошулуп берилсин.
10) Баткен шаардык маданият бөлүмүнүн 2019-жылдын 4-кварталынын 2111 “эмгек акы “ статьясынын 80377 сом, 2121 “соц.фондко чегерүү” статьясынан 7303 сом, жалпы 87680 сом акча каражаты кыскарталып 3 кварталына кошулуп берүүгө, 3кварталдын 2215 “кызмат көрсөтүү” беренесинен 87680 сом кыскарталып 4кварталга кошулуп берүүгө макулдук берилсин.
11) Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2019-жылга түзүлгөн иш чарасында жергиликтүү бюджеттик эсептеги 2215 “Ар түрдүү чыгымдар” статьясынан 285 мин сом акча каражаты 2231 “Коммуналдык кызматтар” статьясына кошулуп берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Баткен шаардык Кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Бурканов/ тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |