Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-октябры №36
Баткен шаарынын 2017-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндөгү отчету кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлдагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунуктуна жана кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн жетекчисинин 2019-жылдын 18-сентябрдагы №01-12/474 отчеттук катына ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын 2017-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы кабыл алынсын.(жыйынтык тиркелет)
2.Баткен шаарынын 2017-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгыда көрсөтүлгөн кемчиликтер четтетилсин жана кемчиликтерди кетирген адистерге чара көрүү жагы шаар мэрине /М.Рахимов/ тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Бурканов/ тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |