Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2019-жылдын 16-октябры №37
Баткен шаар мэриясынын алдында муниаципалдык менчик департаментине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө»№715 токтомуна ылайык кошумча штат бирдигин кармоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлдагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №101 мыйзамынын 31-беренесинин 13-пункутуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергилитүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө»№715 токтомунун жобосунун негизинде Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2019-жылдын 29-июлундагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Типтүү келигимди бекитүү тууралуу» №95 сандуу буйругуна ылайык Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин алдында, Баткен райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан өткөрүлүп берилүүчү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерди (Субвенцияларды) каралуусуна , Баткен шаардык кенешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 8-октябрдагы №10 протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаар мэриясынын алдында 6 жетектөөчү адис штат бирдиги, Баткен райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан өткөрүлүп берилүүчү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерди (Субвенцияларды) кароо менен каржылоосунда кармалууга макулдук берилсин. №1 тиркеме
2.Жогорттогу штат бирдиги кармалган күндөн баштап, Жергиликтүү бюджеттен каржыланган, Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 5 жетектөөчү адис (салык инспектору милдетиндеги) штат бирдиги кыскартылсын. №2 тиркеме
3. 3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Бурканов/ тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |