Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-октябры №38
Муниципалдык менчикти башкаруу жөнүндө
Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине шаардын карамагындагы төмөнкүдөй кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр катталып, мыйзамдуу түрдө шаардын мүлкү экендиги катталып турат. Шаардын жалпы ээлеген аймагы 18116 га түзөт. Алар мунуципалдык менчиктин балансасындагы айыл-чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери, айыл чарба багытындагы эмес жерлер, көрктөндүрүү жашылдандыруу үчүн калтырылган жайлпы пайдалануудагы жерлер жана негизги каражаттар: кыймылдуу жана кыймылсыз мүктөр болуп саналат. КБФ-469,0 га жери болсо анын ичинен суугат айдаоо жери 268,0 га, кайрак-77,0 га, көп жылдык бак 124,0га, анын ичинен мөмөлүү бак-101,0 га, ар түрдүү бактар -23,0 га.
Сугат айдоо жерлердин абалы дыйкандардын жер иштетүүсүнүн кызыгуусунан ижарага берилген жерлерди иштетүүдө агротехникалык эрежелерди сактагандыгынын натыйжасында ижарага берилген жерлер жылдан жылга жакшырып жатат.
Шаардын кайра бөлүштүрүү фондун жерлери каалоочулар үчүн аукциондун, конкурстун негизде ижара келишими менен 336,82 га жер берилген. Ал эми ижарага берилбей калган жерлердин аяты 124,7 га ны түзөт. Анын ичинен 68,5 га жер сугат айдоо жер, 43 га кайрак жер, 13,2 га көп жылдык бак.
Ижарага берилбеген 124,7 га жерлердин ижарага берилбей калгандыгынын себеби сугат айдоо жерден 68,5 га жер бул жерлердин 54,0 га жери Баткен шаарындагы аэропорттун коргоо зонасына кирип калгандыктан берилген эмес. Ал эми калган жерлер Кызыл-Жол кварталынан 4,9 га жер (Кызыл-Бел участкасында), Булак-Башы кварталынан 2,5 га жер жана жер кыртышы начар (камыш басып кеткен жерлер) болгондуктан ижарага берилбей калган. Ошондой эле 2.8 га жер Манас паркынын ал эми 1,5 га жер Булак-Башы мектебинин орду болгондуктан ижарага берилген эмес.43,0 га кайрак жер климаттык шарттарга байланыштуу эгин эккенге мүмкүн болбогондуктан ижарага берилбей турат. Ал эми 13,2 га көп жылдык бактардан Баткен-Исфана жана Баткен-Кара-Бак авто жолдорунда жолду оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу ижарага берүү токтоп калган.
Шаар ичиндеги айыл чарба эмес жерлердин жалпы аянты 34179,69 м2 болуп ал 131 ижарачыга берилген. Ижарага мыйзамга ылайык жер муниципалдык менчиктин жери катары ал жерлердин асылдуулугун сактоо, айлана чөйрөсүн көрктөндүрдүү, тазалыгын сактоо жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн шаардын жалпы кызыкчылыгына керек учурда алынуу жолу менен берилген. Бирок көп учурда ижарачылар тарабынан талапка ылайык иштер жүргүзүлбөй, же болбосо жеңил типтеги курулуш иштери да заманбап болбой жаткандыгы. Ижарачылар ижарага жер алуудан мурда шаардын инфраструктурасын эске алуу менен курулуш иштерин же болбосо акы алып кызмат көрсөтүү жерлерин уюштурууда эске алуулары эскертилүүсү шарт.
Муниципалдык менчик департаментинин балансасында турган имартаттар, мүлктөр, транспорттук каражаттар жана негизги каражаттар боюнча:
Имараттар жалпы 16 даана: В.И.Ленин ат.орто мектеби-539200 сом, Ж.Бөкөнбаев ат.орто мектеби 456300 сом, С.Айтматов ат.орто мектеби 163700 сом, Баткен шаарындагы башталгыч мектеп-87700 сом, С.Огато мектеби-92400 сом, Базар-Башы ФАП-85000 сом, №1Өрүкзар б.б. 56200 сом, №2 Алтын-Бешик б.б- 78300 сом, Баткен Таза-суу 1271000 сом, Булак-Башы башталгыч мектеби- 240000 сом, Кызыл-Жол башталгыч мектеби-130000 сом, Кызыл-Жол ФАП 85000 сом, музыка мектеби-54000 сом, Кызыл-Жол орто мектеби-160500 сом, Раззаков көч.32 кв. 3 бөлмөлүү кызматтык квартира жалпы имараттардын басы 3797000 сомду түзөт.
Мүлктөр 20 даана: «Белгисиз жоокердин эстелиги» -874748 сом, Ж.Бөкөнбаев мек.тосмосу-480700 сом, С.Огато мектебинин ажатканасы-346812 сом, шаардык стадион118000 сом (5 га), маданият паркы 207000 сом, булганыч сууларды тазалоочу ишкана 37075400 сом, Сайдиман-Ажи көчөсүнүн тротуары 0,500 км 950801 сом, М.Салихов көчөсүнүн тротуары 0,500 км -893025 сом, М.Салихов көчөсүндөгү түнкү жарык 37 опора-2376452 сом, К.Турмаматов көчөсүндөгү суу ноосу (лоток) 2,304 км-5540367 сом, И.Жусупов көчөсүндөгү тротуар, лотоктор 2,100 км-6023990 сом, Кызыл-Жол ат.орто мектебинин ажатканасы-6 очколуу-426020 сом, Булак-Башы мектебинин ажатканасы 6 очколуу-472122 сом, М.Салихов көчөсүнүн тротуары жана суу ноосу 0,628 км 2217757 сом, И.Раззаков көчсүнүн тротуар суу носу 0,654 км-2819312 сом, Султанмурат М.Б көчөсүнүн тротуар суу ноосу 0,711 км. 2994357 сом, И.Жусупов көчөсүнүн түнкү жарыгы 25 опора 11000000 сом, шаардын борбордук стадиондун ичиндеги спорт зал 1даана 7000,0 мин сом.
Негизги каражаттар жалпы 10 даана: Булак-Башы кв. Токтогул олуя көчөсүндө 1 даана трансформатор 213592 сом, Жыгач –Аяк мааласинда 1-даана трансформатор315350 сом, Сан-Сарай участкасында 1 даана трансформатор 420660 сом, Булак-Башы кв.Жаштык көчөсүндө 1-даана трансформатор 245000 сом, Чет-Булак участкасында 1даана трансформатор 341240 сом, трансформатор КТП 100 КвА 2 даана 440002 сом, трансформатор КТП 100КвА1 даана 159000 сом, трансформатор ГКТП 630 КвА 1 даана 360000 сом, трансформатор КТП 400 КвА 4 даана 1180800 сом. Жалпы 3823744 сомдук трансформаторлор.
Транспорттук каражаттар жалпы 15 даана: мэриянын ГАЗ 3110 автомобили 1 даана 30614 сомдук, ГАЗ 330900-1352 1 даана 697901 сомдук тазалык МИ автомобили, тазалык ишканасынын Самосвал КАЗ-3519 на базе ГАЗ 3309 1-даана 664884 сом, тазалык ишканасынын эксковатор погрузчиги ЭО-2626 1 даана 1595609 сом, мэриянын балансасында автомобил ВАЗ 2106 1даана 40893 сом, тазалык ишканасынын ГАЗ 3309-1354 таштанды ташыгыч 1 даана 1645747,68 сом, тазалык ишканасынын мусор ташыгычы ГАЗ 3309-1355 1даана 1645747,68 сом, Таза суу ишканасынын эксковатор погрузчиги (унверсал моделдеги) 1 даана 2973616сом, тазалык ишканасынын ХЮНдай портер (2002ж) 1даана 329500 сом, тазалык ишканасында ХЮНдай-портер 1даана 420000 сом, жайыт комитетинде фронтальный погрузчик РОNG WEI 939 1 даана 2178400 сом, жайыт комитети автосамосвал ХОВО 1 даана 3547000 сом, таза суу ишканасында эксковатор Хюндай Р140 W-9 С 1 даана 9348000 сом, таза суу ишканасына ваакумная машина (Ассенизатор ISUZI.DPV-4000) 3876000 сом, таза суу ишкансында НИВА автомобили 1 даана 699200 сом, таза суу ишканасында суу тешикчелерин издегич жана лабороториялык жабдыктар 3440292 сом болуп жалпы 105671011 сомдук мүлктөр менчикке катталган.
Жарнамалык щиттер 3 даана (63,5 м2)
Шаар ичиндеги ички жолдор 85 км
Анын ичинен:
Асфальт төшөлгөнү 28 м
Асфальт төшөлө элеги 57 км
Көпүрөө 8 даана
Суу түтүкчөлөр линясы 350 км
(жалпы муниципалдык менчиктин балансасындагы мүлктөр боюнча тиркеме тиркелет)
Көрктөндүрүү боюнча жалпы 1256100 сом акча каражаты бөлүнүп алар төмөнкүдөй иштерге бөлүндү. Тазалоо иштеринен тышкары борбордук көчөлөргө 750 даана көп жылдык ийне жалбырактуу дарактар олтургузулуп жыл аягына чейин суугаруу жана кароо кызматтары кошулуп 524000 сом акча каражаты каралган.
Мэриянын имартынын бет маңдайына 11650 даана бир жылдык гүдөр олтургузулуп, гүлдөрдү олтургузуу кароо жана суугару кызматтары менен 700000 сом каржыланган.
Шаар ичинде жарыктандыруу үчүн жалпы суммасы 3250000 сомду түзгөн.
Анын ичинен: түнкү жарыктандыруу каражаттары үчүн 1637060 сомго 653 даана прожектор, 16000 метр алюмин зымы жана фоторле сатылып алынган.
Шаардын жаңы конуштарына 630000 сомго 100 даана 9,5 метрлик электр мамычалары сатылып алынган.
Чет-Булак АТОсуна «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси тарабынан курулуп жаткан социалдык шаарчага 1 даана 400 КВТ трансформатор жана 16 даана электр мамычалары 699000 сомго сатылып алынып орнотулган.
Кызыл-Жол АТОсунун батыш тарабында 3,0га карер 2021-жылга чейин Ош-Баткен-Исфана магистралдык жолунун курулуш ишине кытай инветрларына 2021-жылга чейин убактылуу пайдаланууга шаардык Кеңеш тарабынан макулдук берилген
Социалдык обектилер үчүн калтырылган жерлер: Кызыл-Дөң кварталында Ак-Таш массивинде 1,5 га жер аянты мектеп үчүн бөлүнүп мам.акт алынган. 43 000,0 мин сомго жеке инвестторлор каржылоо менен курулуш иши башталып жатат. Мечит үчүн калтырылган 0,12га жерге мечит курулуп пайдаланууга берилген. Калыптандыруу борбору үчүн 0,12га жер аянты бөлүнүп 2016-жылдан бери бош кармалып турат. Мончо үчүн 0,10 га жер аянтына ПРООН тарабынан долбоорлоо менен мончо курулган. Тамаша жай участогунда 0,60 га мектеп үчүн жер аянтына мам. Акт алынган. Параң участогунда мектеп үчүн 0,97 га жер аянты бөлүнгөн. бүгүнкү күндө жер ижарга убактылуу берилген.мам.актысы алынган. Тигүү үйү үчүн 0,20 га жер аянты калтырылган. Мам.актысы алынган. Дүкөн үчүн 0,80 га калтырылган. Мам.актысы алынган эмес. Жер бүгүнкү күндө бош турат. Булак-Башы кварталында ФАП курууга 0,08 га жер аянты бөлүнүп ФАП курулган. Учурда пайдаланууда. Кызыл-Жол кварталында: 1,3 га мектеп үчүн жер пландалып мам.акты алынган. Гидрометеостанция -1,0 га мам.актысы бар. Аба ырайынын маалыматын алуу үчүн атайын жабдык тетиктери келген жердин айланасын тосмо менен тосулуп долбоорлоо иштери жүрүп жатат. Кут билим мекемеси үчүн 1,35 га жер аянты бөлүнгөн. мам.акт алынып долбоорлоо иштери жүрүп жатат. Чет-Булак АТОсунда БатМУ имараты үчүн 5,0 га жер аянты бөлүнгөн учурда долбоор негизинде курулуш иштери жүргүзүлүүдө ам.акт алынган. ЖКК 0,56 га жер аянты бөлүнгөн азыркы учурда өз багытында пайдаланууда. Китепкана үчүн 0,50 га жер аянты бөлүнгөн жер тилкеси бош мам.акт алынган эмес. өсүмдүктөрдө коргоо станциясы 010 га жер тилкеси бош. Мам.акт алынган. СНБ -0,90 га жер тилкеси бош мам.акт алынган. Ипотека 0,56 га жер аянты бош. Мам.акт улуттук банк 0,50 га жер тилкеси бош.мам.актысы алынган. Аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө турак жай куру үчүн 3,24 га жер аянты бөлүнгөн мам.акт алынган. Бүгүнкү күндө 26үй (106 орундуу) 1 мечит, ФАП. Балдар бакчасы, спорт аянтчасы курулуп пайдаланууга берилди.жалпы суммасы 103 000,0 мин сомду түздү. Спорт комплекс курууга 1,6 га жер аянты бөлүнгөн жер тилкеси бош мамлекеттик акт алынган. Лаборотория 0.12га жер аянты бөлүнгөн жер тилкеси бош мам.акт алынган. Райондор аралык сот администрациясы үчүн 0,12 га жер аянты жер тилкеси бош, мам. Акт алынган. Баткен Нур балдарды калыптандыруу борбору үчүн 1500 м2 жер аянты бош мам.акт жок. Айгүл-Таш подстанциясында мектеп куру үчүн 2,1 га жер аянты пландын негизинде калтырылган. Балдар бакчасы курууга 0,54 га жер аянты бөлүнүп бүгүнкү күнү бош турат. ФАП курууга 0,15 га жер аянты бөлүнгөн бүгүнк күндө бош турат. Мам.акт жок. Келечек кварталында :Балдар бакчасына 0,40 га жер аянты бөлүнгөн. жер тилкеси бош турат.мам акт алынган эмес. Телевидение үчүн 0,25 га жер аянты бөлүнүп курулуш иши жүрүп жатат. Академия сүрөт мектеби 0,40 га жер аянты бөлүнгөн жер тилкеси бош. Мам.акт алынган эмес. Жаштар үйү 0,10 га жер аянты бөлүнгөн имарат пайдаланууга берилген.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансасына киргизилген шаардын кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүн коромжуга учурбай туура пайдалануу, киргизилбей калган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү каттап баланска киргизүү жагы шаар мэрии М.Рахимовго милдеттендирилсин.
2.Муниципалдык менчиктин балансасындагы социалдык обьектилерге калтырылыган жерлер толугу менен такталып ар жыл сайын жыл башында кезктеги сессияларда маалыматтарды берип туру жагы шаар мэриясына /М.Рахимов/ тапшырылсын.
-архиологиялык тарыхый жерлер;
-курулуш материалдарын алуу үчүн карьерлер;
-таза суу тартып чыгаруу скважиналар
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин муниципалдык менчик, айыл чарба, агрардык жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына, курулуш куру, архитектура , коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |