Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2019-жылдын 16-октябры №39
Баткен шаарында күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүү тууралуу
Баткен шаары боюнча 9 жалпы билим берүүчү мектептер 4 мектепке чейинки билим берүү мекемеси бар.
“Алтын-Бешик”мектепке чейинки билим берүү мекемесинде бала бакчадагы жылытуу системасы электр энергиясы менен иштеп, жалпысынан 1киловаттан иштөөчү 47 даана плиталар бар. Алардын бардыгы оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, кышка толук бойдон даяр.
“Өрүкзар” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде 50 электро плиталары бар жана толугу менен иштеп иштейт.
«Ак тилек -Булак Башы» балдар бакчасы- мекемесиндеги ортоңку тайпада 3 даана электр плитасы, бөбөктөр тайпасында 2 даана, ал эми коридордо 2 даана электр плитасы бар жана алар тосмолору менен тосулган. Тамак – аш бышыруучу электр плиталары ремонттолду. Бала бакчанын терезелери пластик айнек болгондуктан жылуулаганга муктаждык жок. Бала бакчанын ичи жылуу.
Баткен шаарындагы «Данектай» мектепке чейинки билим берүү мекемесинде кышка карата жылуулук электр энергиясы аркылуу уюштурулган. Бакчанын бөлмөлөрүндө 28 даана Б/Н печкалары коюлуп, тактай тосмолор менен тосулган. Жыл сайын жайкы ремонттоо мезгилинде өчүрүп-күйгүзүлүүчү автоматтары электрик тарабынан кароодон өткөрүлүп, жарактан чыкканы жаңысына алмаштырылып турат. Ар бир бөлмөдө электр энергиясын үнөмдөөнү, электр тогунун кубаттуулугун, коопсуздук эрежелерин чагылдырган көрсөтмөлөр илинген.
Шаардын А.Имаров, Кызыл-Жол, С.Огата атындагы орто, Кызыл-Жол башталгыч мектептери көмүр менен жылытылат. Ж.Бөкөнбаев, С.Айтматов жана В.И.Ленин атындагы орто мектептерине 30 даана БН печкалары алынып берилди. Билим берүү бөлүмүнүн от казандары бар мектептердин (Кызыл-Жол о.м, А.Имаров-Кызыл Топу, С.Огата а.о.м) от казандарына толук оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлүп, кышка даяр турат. Аталган мектептерге кышкы сезонго 141 тонна көмүр керектелет. Былтыркыдан калган көмүрдүн калдыгы 3,925 тонна. Быйылкы жылга 135,5 тонна БР көмүргө килограммы 4 сом 18 тыйындан 566 415 сомдук тендер жарыяланды. Жыйынтыгында “Баткен мунай” жоопкерчилиги чектелген коом ар бир килограммын 4 сом 18 тыйындан 566 415 сомго тендерден утуп алды. Учурда 54 тонна көмүр ташылган. Баткен шаарынын 2019-2020-окуу жылына көмүр менен жылытыла турган мектептерине керектелүүчү көмүр боюнча маалымат:
№ | Мектептин аталышы | Калдык | Канча тонна керектелет |
1 | А,Имаров-Кызыл Топу а.о.м. | ----- | 90 тонна |
2 | Кызыл- Жол о.м. | ----- | 18,0 тонна |
3 | С.Огата а.о.м. |
| 18,0 тонна |
4 | Кызыл-Жол .б.м. | 3,925 тонна | 9,5 тонна |
| Бардыгы: | 3,925 тонна | 135,5 тонна |
Кызыл- Жол башталгыч мектебине кореялык демөөрчүлөр тарабынан заманбап үлгүдөгү 17 даана электр жылыткычтары алынып, орнотулду. Калк жашаган конуштан мектепке чейинки аралыкка 3 даана столба отургузулуп, электр чубалгылары тартылса бул мекетеп электр жылытуусуна өтөт.
Өрттүн алдын алуу ботурбоо боюнча бардык меткептерде жана балдар бакчаларында шиттер орнотулган, шаймандары толукталган.
Баткен шаарынын билим берүү мекемелеринде Өрүкзар жана Алтын-Бешик балдар бакчаларында ички ажатканалар бар. Талапка ылайык оңдоо түзөө жүргүзүлгөн. Калган билим берүү мекемелеринде ички ажатканалар жок, сырткы ажатканалар талапка жооп берет.
Баткен шаарынын мектептери жана балдар бакчалары электр жабдыктарын лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү боюнча 2019-жылдын 11-сентябрында тендер жарыяланып, бүгүнкү күндө ОсОО “Энергетик” (Башчысы Р.Урманов) тарабынан лабораториялык текшерүүдөн өтүшкөн.
Область, район | План потребления электроэнергии | Факт потребления электроэнергии | |
Баткен горОО | 1590,3 кВт | 1590,3 кВт | |
|
|
|
БОУМБнун жаны имаратында эки от жагуучу (катёльный) мештери бар.Бул мештерге кыш мезгилинде орто эсеп менен 100 тонна БР комуру сарпталат.Ал эми айыл аймактардагы ФАП жана ГСВларга жылдагыдай эле жалпысынан 84,7тонна БК комуру сарпталат.Комурду сатып алуу «Мамлекеттик сатып алуулар»мыйзамынын негизинде отуп,ИП Тажибаев.Р утуп алган.14.08.2019ж келишим түзүлүп,төмөнкү көрсөтүлгөн баада көмүрлөрдү өз даректерине жеткирген. Көмүр БР 100тонна -4222с=422 200с
Көмүр БК 84,7тонна -6950с=588665с
Көмүрдүн акчасын счет фактуранын негизинде толук которулуп.комурлар комур кампаларына толук жеткирилген.
Самаркандек ЖДПБ Самаркандек ОсОО "Азамат-Кен" жеке менчик иш канасы тарабынан женүүчү деп табылып, көмүрдүн көлөмү 33,3 тоннаны тузгон, БК үлгүсүндөгү көмүр 3 сом 9 тыйындан алып келинген.
Баткен СЭС куз-кыш айларына 16 тонна көмүр алынган,суммасы 93920 сомду түзгөн.
Баткен шаары боюнча:
Чет-Булак ФАП - 2 тонна;
Булак-Башы ФАП -2 тонна;
Базар-Башы ФАП – 2 тонна;
Кызыл-Жол ГСВ - 3.,5 тонна
Базар-Башы Фельдшерлик-акушердик пункту 550 мин сомго ФОСтун каржылоосу жана ЦСМ аркылуу капталдык ондоп-түзөөдөн өткөрүлдү.
Ал эми Кызыл-Жол №3 –Үй –бүлөлүк дарыгерлер тобунун жылытуусу буржуйка печкалардан электр жана көмүр менен жылытуучу системага жергиликтүү демөөрчүлөрдүн эсебинен жасалып өткөрүлдү. Жалпы суммасы 120 мин сомду түзөт.
Шаардагы аз камсыз болгон 50 үй бүлөөнүн ар бирине 200кг көмүрдүн акчасы 1200 сом тизме такталып комиссия курамы иштеп жатат.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын калкы, шаар аймагындагы билим берүү мекемелери, орто мектептер, башталгыч мектептер, балдар бакчалары жана медициналык мекемелер 2019-2020-күз кыш мезгилдерине толук даяр экендиги белгиленсин.
2. Күз-кыш мезгилиндеги табыгый учурларда коопсуздуктун алдын алуу, кошумча жылуулуктар менен камсыздоо үчүн ар дайым даярдыктарды көрүү чаралары көрүлсүн.
3.Кызыл-Жол башталгыч мектебине электр чубалгыларын кошумча тартуу үчүн электр мамычасын 2019-жылдын ноябрь айына чейин орнотуу,
-Баткен областтык гимназия-жатак мектебинин жатаканасынын щиферине суу ноосун орнотуу, фундаментин оңдоп түзөө жагы шаар мэри М.Рахимовго тапшырылсын.
3.Ушул токтомун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин социалдык өнүгүү. Жаштар, спорт, туризм медицина жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |