Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2019-жылдын 16-октябры №41
Баткен шаар мэриясына «Айыл банк» Баткендеги филиалынан лизинг алуу шарттары менен атайын техникаларды алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 2011-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2- пункутунун 2; 3;5-пункутчаларына ылайык жана Баткен шаардык Кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын, 2019-жылдын 19-сентябрдагы №9 протоколунун, Баткен шаар мэриясынын 2019-жылдын 15-октябрдагы №0125/118 катынын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын мэриясына “Айыл банктын” Баткендеги филиалынан лизинг алуу шарттары менен 6 (алты) жылдык мөөнөткө төмөнкү атайын техникалар алынууга макулдук берилсин.
1) Таштанды ташуучу 3даана автоунаа - Sinotruk Howo ZZ1107G381CD маркасындагы;
2)Суу ташуучу жана жол жуугуч автоунаасы 1даана Sinotruk Howo ZZ5107G451CD1 SS маркасындагы;
3)Бийиктикке көтөрүүчу (автовышка) 1даана Sinotruk Howo ZZ5107G451CD1 GK маркасындагы
2.Лизинге алынуучу атайын техникалардын төлөмүнүн 30% , 2019-жылга бекитилген бюджеттинен, калган суммалары 2020-жылдан баштап жыл сайын төлөм графигине ылайык жергиликтүү бюджеттен каржыланып төлөнсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин
финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Бурканов/ тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |